Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Батыровдун мурдагы жерине "Газпром" спорткомплекс сала баштады


Курулуш жүрүп жаткан жер. 21-ноябрь, 2017-жыл.
Курулуш жүрүп жаткан жер. 21-ноябрь, 2017-жыл.

Жалал-Абад шаарында мурда Кадыржан Батыровго таандык болгон консерва заводунун жерине "Газпром" ишканасы спорттук комплекс кура баштады. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, мэриянын башка муниципалдык жерлери шаар борборунан алыс болгондуктан "Газпром" ал жакка имарат салуудан баш тарткан.

- Андан соң Мамлекеттик мүлк фонду менен сүйлөшүп, ушул бир гектар жерди бөлүп бердик. Документ иштери соңуна чыкса жер толугу менен шаардын менчигине өтөт, - деди Темирбаев.

Курулуш иштери 2018-жылдын ноябрь айында аяктайт. 2500 чарчы метрлик эки кабат имаратта спорттун тогуз түрү боюнча секциялар иштей баштайт.

Бул Орусиянын "Газпром" ишканасы Кыргызстандын аймактарына куруп жаткан сегизинчи комплекс.

Кадыржан Батыров 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Андан соң 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG