Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:47

Атамбаев милиция үчүн салынган үйдүн жылуулугун өзү көзөмөлдөйт


Милиция кызматкерлери үчүн салынган үй. 21-ноябрь, 2017-жыл.
Милиция кызматкерлери үчүн салынган үй. 21-ноябрь, 2017-жыл.

Жалал-Абадда 100 батирлүү турак үй милиция кызматкерлерине пайдаланууга берилди. Курулушу былтыр башталган үйдүн ачкычын бүгүн президент Алмазбек Атамбаев тапшырып, милиционерлерди куттуктады.

- Мамлекет күч органдарына мен президент болгондон тартып көңүл бөлө баштады. Бул иштерди жаңы президент улантат деп ишенем. Жакынкы күндөрү Ош шаарында да 200 батирлүү үйлөр укук коргоо органдарына берилет, - деди Атамбаев.

Батирлерди көрүп чыккан президент аларга жылуулук берилбегенин сынга алып, кечке чейин жылуулук камсыздалышын өзү көзөмөлгө аларын билдирди жана тийиштүү мекемелерге тапшырма берди.

Курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 100 млн. сом каражат бөлүнгөн. 5 кабат үйдүн 75 батири бир, 25 эки бөлмөлүү. (RsK)

XS
SM
MD
LG