Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:47

Путин: Сириядагы аскерлер жакында чыгарылат


Путин Сириянын президенти Башар Асад менен, 20-ноябрь, 2017-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин 20-ноябрда Сочиде Сириянын президенти Башар Асад менен жолугушту. Эки өнөктөш Орусиянын, Түркиянын жана Ирандын жетекчилери Сирия боюнча чогулган жыйындын алдында маектешти.

Путин анда орус аскерлеринин Сириядагы операциясы жакында аяктай турганын билдирди. “Терроризмди толук жеңүүгө дагы көп бар”, бирок "Сирия аймагында террорчуларга каршы биргелешкен аскердик операция жыйынтыкталууда" деди Путин. Орус президенти эми кырдаалды жөнгө салыш үчүн “саясий процесстерге” өтүү керек экендигин, бул жараянга Улуттар Уюму жигердүү катышаарына үмүттөнөөрүн белгиледи. БУУнун арачылыгы менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөр 28-ноябрда жанданмакчы.

Президент ошондой эле жакын арада АКШнын мамлекет башчысы Доналд Трамп жана региондогу лидерлер менен бул маселени сөз кылаарын айтты.

Асад Путинге ыраазычылыгын билдирип, ири салгылашуулар эми артта калганын, урушка чекит коюш үчүн саясий кадамдарга даяр экенин ырастады.

6 жылдан бери жүрүп жаткан согушта жүз миңдеген кишинин өмүрү кыйылды, миллиондогону жер которду.

Асад менен Путин акыркы жолу эки жыл мурун жолугушкан. Орусия Сириядагы операцияга 2015-жылдын 30-сентябрынан бери катышууда. Анын расмий максаты "терроризмге каршы күрөш" деп айтылган. "Рейтер" агенттигинин маалыматы боюнча ушул жылдын башынан бери Сирияда кеминде 40тай орусиялык аскер жана жеке аскердик адис мерт болду. Былтыр мартта Путин Сириядан “контингенттин негизги бөлүгүн” алып чыгуу буйругун берген. Орусия авиациясынын соккуларынан карапайым тургундар дагы жабыр тартканын эл аралык укук коргоочулар көтөрүп келатышат.

“Левада” борборунун соңку сурамжылоосуна караганда, орусиялыктардын жарымына жакыны операция аякташы керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG