Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Соңку 6 жылда табигый кырсыктардан 500дөй киши каза болгон


Соңку алты жыл ичинде болгон кырсыктар.
Соңку алты жыл ичинде болгон кырсыктар.

2012-жылдан 2017-жылдын октябрь айына чейин 1660 чукул кырдаал катталган. Анын кесепетинен 480 адам каза болуп, материалдык чыгым 5 млрд. 794 млн. сомду түзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Чукул кырдаалдардын ичинен бул аралыкта жер титирөө 19 жолу, жер алдынан чыккан суулар 29 жолу, катуу бороон 4 жолу, муз каптоо 18 жолу, мөндүр 20 жолу, суу ташкыны 75 жолу, жаратылыштагы чоң өрттөр 2 жолу, үшүк 5 жолу катталган.

Адам өмүрүн алып кеткен эң оор өзгөчө кырдаалдардан кар көчкү менен жер көчкү 83 кишини басып калса, техногендик мүнөздөгү чоң өрттөн 31, чоң жол кырсыктарынан 261 киши көз жумган.

Бирок 2012-жылдан быйылкы октябрь айына чейин куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары 2311 адамдын өмүрүн сакталып калышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG