Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Оштогу жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү жабыркады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бул тууралуу Ош облустук патрулдук милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов “Азаттыкка” билдирди.

21-ноябрга караган түнү саат 01:00дө Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда 9-чакырымында бараткан “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунаа жолдун жээгинде өсүп турган даракты сүзүп токтогон. Натыйжада айдоочу жана машинедеги төрт жүргүнчү ооруканага жаткырылган.

Жүргүнчүлөр бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү жана Кара-Суу районунун Бекжар айылынын тургундары экени аныкталган. Алардын экөө жаш бала. Дагы бир аял реанимацияда экени айтылууда.

Окуя боюнча иликтөө иштери уланууда. Алдын-ала маалыматтар боюна айдоочу рулду башкара албай калган. (ErN)

XS
SM
MD
LG