Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:12

"Forbes" журналынын версиясы боюнча америкалык ырчы Бейонсе Ноулз музыка дүйнөсүндө эң көп акча тапкан аял болуп калды. Быйылкы жылдын жыйынтыгына караганда ал 105 миллион доллар тапкан. Бул суммага акыркы альбомунун сатыгынан түшкөн каражат жана концерттик турунан түшкөн киреше камтылган. Андан тышкары Бейонсенин өзүнүн кийим-кече фирмасы бар. Экинчи орунга британиялык ырчы Адел, үчүнчү орунга Тейлор Свифт жайгаштырылган.

Баса, Бейонсенин күйөсү, рэпер Жей Зинин байлыгы быйыл майда ошол эле журнал тарабынан 810 миллион долларга бааланган.

XS
SM
MD
LG