Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

"Amnesty International" Мьянмага курал эмбаргосун киргизүүгө чакырды


Рохинжа качкыны, 19-октябрь, 2017-жыл.
Рохинжа качкыны, 19-октябрь, 2017-жыл.

"Amnesty International" укук коргоо уюму 21-ноябрда эл аралык коомчулукту Мьянмага курал жеткирүүгө эмбарго киргизип, өлкөдөгү рохинжа мусулмандары кабылган кризиске жооптуу Мьянманын жетекчилигине карата каржылык санкция жарыялоого чакырды.

Уюмдун өкүлү Анна Нейстат ошондой эле Мьянманын бийлигин адам укуктарын сактоого, диний, расалык жана этностук бөлүнүүгө жол бербеш үчүн өз мыйзамдарын кайра карап чыгууга үндөдү.

Өлкөнүн Ракхайн штатындагы куралдуу кагылышуудан августтун этегинен бери жалпысынан 400дөй киши өлүп, коңшу Бангладешке агылган рохинжа мусулмандары 600 миңге жетти.

XS
SM
MD
LG