Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Коопсуздук кеңешинин курамын өзгөртүү каралууда


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин курамын өзгөртүү боюнча демилге көтөрүлүүдө. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинде талкууланды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Иса Өмүркулов Коргоо кеңешинин курамына президенттик аппараттын жетекчисин жана Башкы прокурорду киргизүү тууралуу сунуш түшүп жатканын айтты.

«Президенттик аппараттын башчысы Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерди аткарат, ал эми Башкы прокурор ошол чечимдердин тууралыгын көзөмөлдөйт», - деди Өмүркулов.

Депутаттар бул мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Кыргызстанда Коопсуздук кеңешин президент жетектейт. Анын курамына бардык бийлик бутактарынын жетекчилери кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG