Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Кыргызстанда “Ислам жана мамлекет” аттуу китеп жарык көрдү


Кадыр Маликов жана анын китеби.
Кадыр Маликов жана анын китеби.

Бул тууралуу китептин автору, “Дин, укук жана саясат” көз каранды эмес аналитикалык борборунун директору, теолог Кадыр Маликов өзүнүн "Фейсбуктагы" расмий баракчасында жарыялады.

Орус тилинде жарык көргөн “Ислам жана мамлекет” ("Ислам и государство") китебинде Маликов исламдын түрдүү саясий моделдер – монархия, демократия жана социализм менен байланышы, түрдүү секулярдык моделдер менен болгон карым-катышы сыяктуу маселелер тууралуу жазган.

Кыргызстандагы белгилүү ислам аалымы окуу куралында ошондой эле салттуу мусулман өлкөлөрү деп саналган Жакынкы жана Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнүн мисалдарында ислам менен мамлекеттин карым-катышын түрдүү чечмелөө аркылуу көрсөткөн.

Кадыр Маликов бул китеп менен кошо “Мусулман жаштары: маанилүү жана пайдалуу баалуулуктар” аттуу иликтөөсүн да басмадан чыгарган.

Бул эки китептин ачылышы Бишкек шаарында, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада 2-декабрда саат 10.00дө өтөт. Китептин ачылышы менен чогуу китепканада “MUSA 2017 Muslim Social Artistry” аттуу мусулман фото-арт көргөзмөсү да болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG