Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Доналд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Ак үй баарлашуу эки саатка созулганын билдирди. Эки мамлекеттин лидерлери Сирия менен Украинадагы куралдуу жаңжал, Түндүк Кореядагы, Ирандагы жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты.
Бир күн мурда Путин Сириянын президенти Башар Асад менен жолуккан. Кремл билдиргендей, орус лидери Трамп менен болгон маек учурунда бул араб өлкөсүндө президенттик жана парламенттик шайлоо өтүшүн жана конституциялык реформаларды жактай турганын айткан.
Ак үй Трамп менен Путин 21-ноябрда Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азияда терроризм менен күрөшүүнүн маанилүү экенин баса белгилешип, "Ислам мамлекети", "Аль-Каида", "Талибан" жана башка террордук топтор менен күрөшүүдө кызматташтыкты жандандыруу жолдорун талкуулашканын маалымдады.
Өткөн аптада Трамп менен Путин Вьетнамдагы АТЭС саммитинде бейформал жагдайда баарлашкан. Расмий жолугушуу болгон эмес. Кремл анда америкалыктар “ийкемдүүлүк көрсөтүшкөн жок” деген болчу. Ак үй жолугушуунун болбой калганын президенттин күн тартиби менен түшүндүргөн.