22-ноябрь, саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" чек ара бекетинде 427 жүк ташуучу унаа, ал эми Таластагы "Чоң-Капка" чек ара бекетинде 185 жүк ташуучу унаа Казакстанга кире албай, кезек күтүп турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы калган бекеттерде жөө адамдардын да, унаалардын да тыгыны байкалбайт, - деди ал.
10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат. 8-октябрда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаевди "Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат" деп сындаган.
Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаал тууралуу маселе 17-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунда да көтөрүлдү.
20-ноябрда Атамбаев Казакстан Кыргызстанды блокадага алганын, бул маселени чечиш үчүн орус президенти Владимир Путинге кайрылганын белгиледи.(ZKo)