Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Масалиев: ЖК Саляновдун өлүмү тууралуу маалыматты угуу зарыл


Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

Жогорку Кеңеште депутат Аида Салянованын инисинин өлүмүнө байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын угуу маселеси талкуу жаратты.

Депутат Наталья Никитенко бул маселени бүгүнкү жалпы жыйындын күн тартибине киргизүүнү сунуш кылды. Бирок төрага Дастанбек Жумабеков “бүгүнкү жыйынга чакырылган күч кызматкерлери бул сурооого даяр эмес экен, тергөө жүрүп жатыптыр, ал купуя экен, "маалыматты чыгара албайбыз" дешти” деп билдирди.

Депутат Исхак Масалиев тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат жалпы парламентте угулса коомчулуктагы чыңалуунун басаңдашына шарт түзүлөөрүн айтты:

- Фракция сунушун берди. Аны талкуулабай, добушка коюшубуз же кабыл алышыбыз керек. Бул абдан чоң маселе болуп турат. Мындай үйгө кирип, эч нерсени тонобой өлтүрүп кеткен одоно кылмыштар көптөн бери болгон эмес. Бул жаман белги. Азыр эмес, түштөн кийин болсо да Жогорку Кеңеш маалыматты угуп коюшу зарыл. Эки жылдын ичинде бизге көптөгөн маалыматты ушул жерде УКМК, ИИМ ачык эле айтып, маалымат берип жатты эле го. "Кылмыш иши бузулат" дебей эле. Коомчулуктагы чыңалууну азайтканга биз жактан кадам болот эле да.

Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда ​белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен.

Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

Кечээ бул маселени “Ата Мекен” фракциясы талкуулап, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгуу чечимин кабыл алган. (RK)

XS
SM
MD
LG