Жогорку Кеңештин оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев фракциялашы Аида Салянованын инисинин өлүмүн иликтөөнүгө байланышкан маселенин парламенттин жалпы жыйынында талкууланышын камсыз кылууда төрага Дастанбек Жумабеков саясий эрк көрсөтүшү керек деп эсептейт.
Бул тууралуу ал бүгүн ушул маселени жалпы жыйындын күн тартибине киргизүү зарылдыгы боюнча суроо талкууланып жатканда айтты:
- Сиз "регламент бузулуп жатат" деп айттыңыз. Ушул залда вице-премьер Зилалиев вице-премьерликке дагы бир талапкер Кенекеевди алып келсе колдоп бердик. "Бир вице-премьер экинчисин сунуш кылат" деген Конституцияда, мыйзамда жазылган эмес. Кыргыз парламенти парламент болуп жаралганы анчалык пастыкка түшкөн эмес. Көтөрүлүп жаткан маселе – бул тагдыр. Бул мамлекеттик ишмер, мурдагы башкы прокурор, азыркы депутат Аида Жеңишбековнанын иниси тууралуу сөз болуп жатат. Маалымат бар экенин билебиз, бирок ошону жалпы Жогорку Кеңеш уксун. Укпай жаап калтырсак саясатташа баштайт. Ошондуктан тартынбай эле, саясий эркти моюнуңузга алып, саатын эле белгилеп, добушка коюңуз.
Эркин депутат Жанар Акаев ЖК төрагасына кайрылып, ИИМ башчысынын орун басары жыйынга катышып жатканда ушул маселени күн тартибине киргизип, андан тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат алууга чакырды.
Бирок төрага Дастанбек Жумабеков “бүгүнкү жыйынга чакырылган күч кызматкерлери бул сурооого даяр эмес экен, тергөө жүрүп жатыптыр, ал купуя экен, "маалыматты чыгара албайбыз" дешти”, - деп билдирди.
“Өнүгүү-Прогресстен” депутат Исхак Масалиев тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат жалпы парламентте угулса, коомчулуктагы чыңалуунун басаңдашына шарт түзүлөт деген пикирин айтты.
Азырынча бул маселе ачык бойдон турат.
Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен.
Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.
Кечээ бул маселени “Ата Мекен” фракциясы талкуулап, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгуу тууралуу чечим кабыл алган. (RK)