Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:56

Жол кырсыктарынын алдын алуучу мыйзам долбоору талкууланды


Жол кырсыгы үчүн жазаны күчөтүү боюнча демилге көтөрүлдү. Бүгүн Жогорку Кеңеш Кылмыш кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү экинчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун автору, депутат Дастан Бекешевдин айтымында, ал жол кырсыктарын азайтыш үчүн адамдын өмүрү кыйылган учурда тараптардын келишип алышына жол бербейт жана кылмыш жообуна тартууда соттордогу коррупцияны жок кылуу максатын көздөйт.

Азыркы мыйзамда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн айыпталган адам кылмыш жообунан бошонууга мүмкүнчүлүгү бар. Эми, сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса, андай кылмышкерлер 5-7 жылга эркинен ажыратылып, үч жыл машина айдоого тыюу салынат.

Мас абалында же машина айдоого укугу жок туруп рулга отургандарга айыппулду көбөйтүү жагы да каралууда.

Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады. Бул көрсөткүч былтыркыдан 6,7 пайызга көп. Жарадар болгондордун саны 8 миңге жакын. 2016-жылы 6 миңге чукул жол кырсыгынан 900дөн ашуун киши жашоо менен кош айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG