Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:19

Парламентте жол кырсыктары боюнча "өкмөттүк саат" өтөт


Быйыл жыл башынан бери 700дөй киши жол кырсыгынан каза тапты.
Быйыл жыл башынан бери 700дөй киши жол кырсыгынан каза тапты.

Жогорку Кеңеш жол кырсыктары боюнча абалга байланыштуу "өкмөттүк саат" форматында талкуу өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында айтылды.

Декабрдын экинчи жарымында, тагыраак айтканда, 15-20-декабрь аралыгында бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилмей болду.

Бүгүн парламент жол кырсыгы үчүн жазаны күчөтүү боюнча Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү экинчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун автору, депутат Дастан Бекешевдин айтымында, ал жол кырсыктарын азайтуу максатында адам өмүрү кыйылган учурда тараптардын келишип алышына жол бербейт жана кылмыш жообуна тартууда соттордогу коррупцияны жок кылууну көздөйт.

Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады. Бул көрсөткүч былтыркыдан 6,7 пайызга көп. Жарадар болгондордун саны 8 миңге жакын. 2016-жылы 6 миңге чукул жол кырсыгынан 900дөн ашуун киши жашоо менен кош айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG