Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 13:07

Улуттар Уюмунун мурдагы Югославия боюнча трибуналы Босниядагы сербдердин согуш учурундагы аскер башчысы Ратко Младичке өз өкүмүн беш жылдык соттук териштирүүдөн кийин бүгүн чыгарат. Душмандары “Босниянын касапчысы” деп атап коюшкан Младич геноцид, адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмыштары үчүн 11 пункт боюнча айыпталууда. Андай айыптардын эң башкысы 12 жыл мурдагы кыргынга байланыштуу болду. 1995-жылдын июль айында Сребреница деген жерде 8 миңдей мусулман эркектер менен балдар өлтүрүлгөн. Бул окуя Европада Холокосттон берки чоң кыргын катары бааланып келет.

75 жаштагы Младич бардык айыптарды моюнга албай келатканы менен, өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

БУУнун трибуналы Младичке каршы 1995-жылы эле айып койгон. Бирок бир нече жыл бою жашырынып жүргөн Младичти Сербиянын бийлиги 2011-жылдын май айында гана кармап, Гаага трибуналына өткөрүп берген эле.

Сот жараяны 2012-жылы гана башталган. Былтыр болсо Гаага трибуналы Босниядагы сербдердин согуш учурундагы башчысы Радован Каражичти Младичтики сыяктуу эле айыптар, анын ичинде геноцид боюнча күнөөлүү деп таап, 40 жылга эркинен ажыраткан. Ал трибуналдын өкүмүн апелляцияга берген.

Мурдагы Югославиянын 1990-жылдардагы согуш учурундагы экс-президенти Слободан Милошевич 2006-жылы трибуналдын түрмөсүндө каза таап, ага өкүм чыкпай калган. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG