Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Орусияда кыргызстандык мигрант киши колдуу болду


Равшанбек Стамкулов.
Равшанбек Стамкулов.

Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Багыт Бапанов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын жараны Равшанбек Стамкулов Воркута шаарында белгисиз жарандардын кол салуусунан улам каза болгон. 16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү бирөө Стамкуловду артынан темир менен башка чаап салган. Анын сөөгү эртеси күнү жол четинен табылган.

1975-жылы туулган Стамкулов - Кызыл-Кыя шаарынын тургуну болчу. Ал Москва шаарында дүкөндө сатуучу болуп иштечү. Маркум Воркута шаарына Орусия Федерациясындагы жашаган жеринин каттоосун жаңылаганы барганы айтылууда.

Бапанов кабарлагандай, учурда Равшанбек Стамкуловдун сөөгүн Кыргызстанга алып кетүү аракети көрүлүп атат. Жардам берчүлөр маркумдун жакыны Алтынбек Кадыровго байланышса болот. Телефону 8(925) 842-92-38, "СберБанктагы" эсеби 4276-3800-3902-0495. (ErN)

XS
SM
MD
LG