Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

Атамбаев "Ялланын" жетекчисине "Достук" орденин ыйгарды


Фаррух Закиров.
Фаррух Закиров.

Белгилүү өзбекстандык ырчы, композитор, “Ялла” вокалдык- инструменталдык ансамблинин көркөм жетекчиси Фаррух Закиров «Достук» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Жарлыкта Закировго бул сыйлык Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы, көп жылдык жана үзүрлүү чыгармачыл эмгеги үчүн берилгени айтылат.

Быйыл сентябрь айында президент Алмазбек Атамбаев Ташкектке расмий сапар менен барган. Анын урматына уюштурулган салтанатуу кечеде Закиров Атамбаевдин "Кыргызстан" деген ырын кыргыз тилинде аткарып берген видео Интернетте тараган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG