Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Гаага трибуналында Ратко Младичке өкүм окулууда


Ратко Младич Гаага трибуналына алынып келген учур. 22-ноябрь, 2017-жыл.
Ратко Младич Гаага трибуналына алынып келген учур. 22-ноябрь, 2017-жыл.

Ал өзү өкүм окулуп жаткан учурда кыйкыра баштаганы үчүн сот залынан чыгарылды.

Улуттар Уюмунун мурдагы Югославия боюнча трибуналы беш жылдык соттук териштирүүдөн соң Босниядагы сербдердин согуш учурундагы аскер башчысы Ратко Младичке бүгүн өкүм чыгарууда.

Душмандары “Босниянын касапчысы” деп аташкан Младич геноцид, адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмыштары үчүн 11 пункт боюнча айыпталган.

Андай айыптардын эң башкысы - 1995-жылдын июль айында, Сребреница деген жерде 8000дей мусулман эркектер менен балдардын кырылышы.

Бул окуя Европада Холокосттон берки эң чоң кыргын катары бааланып келет. 75 жаштагы Младич өзүнө тагылган айыптарды танып жатканы менен өмүр бою абакка кесилиши мүмкүн.

БУУнун трибуналы Младичке 1995-жылы эле айып койгон. Бирок бир нече жыл боюу жашырынып жүргөн Младичти Сербиянын бийлиги 2011-жылдын май айында гана кармап, Гаага трибуналына өткөрүп берген эле. Сот жараяны 2012-жылы гана башталган.

Былтыр болсо Гаага трибуналы Босниядагы сербдердин согуш учурундагы башчысы Радован Каражичти Младичтики сыяктуу эле айыптар, анын ичинде геноцид боюнча күнөлүү деп таап, 40 жылга абакка кескен. Ал трибуналдын өкүмүн аппеляцияга берген.

Мурдагы Югославиянын 1990-жылдардагы согуш учурундагы мурдагы президенти Слободан Милошевич 2006-жылы трибуналдын түрмөсүндө каза таап, ага өкүм чыкпай калган. (UE)

XS
SM
MD
LG