Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Унга кошумча нарк салыгы кайра киргизилиши мүмкүн


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда ун менен буудайдын импортуна кошумча нарк салыгы кайрадан киргизүү боюнча демилге көтөрүлдү. Аларды салыктын бул түрүнөн бошотуу боюнча буга чейинки чечимди жокко чыгарган мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунун автору, депутат Кенжебек Бокоев маселенин чоо-жайын мындайча түшүндүрдү:

- Кийин мен айтып жүрдүм, "бул бир нече ун өндүрүүчүлөрдүн сүрөөнчүлүгү болгон" деп. Албетте, мени жаман көрүшкөн. Эл аралык валюта фонду да эскертүү берди, "туура эмес кадамга бардыңар" деп.

Эки жыл мурда, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулганда “жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында” деген негизде буудай данынын импорту кошумча нарк салыгынан бошотулган. Аны ун кылып кайра иштеткенден кийин ишкерлер салык төлөөгө милдеттендирилген. Бирок парламенттеги талкуу учурунда "ун дагы бул салыктан бошотулат" деген чечим кабыл алынган.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, унга кошумча нарк салыгы алынгандан кийин Кыргызстандын бюджети эки жылда 1 миллиард сомдон куру калды.

Бүгүнкү талкууда мыйзам долбоорун 101 депутаттын 99у колдоду.

Өткөн аптада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев: “Парламентте ун өндүрүүчү үч депутат отурат, алар өз кызыкчылыгын коргоп жатышат” деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG