Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Бишкек-Ош каттамындагы авиабилеттин баасы талкууланды


Депутат Абдывахап Нурбаев.
Депутат Абдывахап Нурбаев.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев парламенттин жалпы жыйынында Ош-Бишкек, Бишкек-Ош авиакаттамдарындагы билет баасынын кымбаттыгын сынга алып, аны тез арада арзандатыш керек экенин өкмөт мүчөлөрүнө айтты:

- Ош-Бишкек, Бишкек-Ош багыттары боюнча авиабилеттер беш миң сомго чейин чыгып кетти. Кыш келгенде жол тайгак болуп, жүргүнчүлөр көбүнчө учак менен каттоого аргасыз. Биз Ошко барган сайын эл “ушуну арзандатпайсыңарбы, уят эмеспи” деп талап кылып жатат. Эки жыл мурда эле билет эки миң сом болчу. Андан бери эмне, инфляция ушунча көтөрүлдүбү? Же мунай кымбаттап кеттиби? Эмне үчүн билеттер мынча кымбат? Атаандашуу жолу аркылуубу, же башка жол мененби, кыскасы тез арада жөнгө салыш керек, - деди Нурбаев.

Бул боюнча суроого жооп берген транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Кыргызстандын ички авиакаттамдарында билет баасын көзөмөлдөө оңой эмес экенин айтып, ал үчүн азыр атайын мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди.

Мындан бир нече жыл мурда Бишкектен Ошко учуу миң сомго чейин түшкөн эле. Ушул күндөрү билеттер 2500 сомдон 5 миң сомго чейин сатылууда.

“Манас” жана "Ош" эл аралык аба майдандарында Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча күн сайын 2-6 каттам болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG