Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Атамбаев: Орусия менен Кытайды таарынтканыбыз үчүн АКШ базасын чыгарганбыз


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

“Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык, кошуналарыбыз Орусия менен Кытайды таарынтканыбыз үчүн биз Американын базасын чыгарганбыз”, - деп билдирди бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бишкекте кезектеги мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанатында сүйлөп жатып.

- Эч ким, анын ичинде америкалыктар да ишенген эмес. Бирок мен ошондой чечим кабыл алдым, себеби бул жерде базасын жайгаштырып, алар Ак үйдү башкарарын түшүндүм. Балким, алар бизге андан да көп жардам беришмек, бирок биз эки улуу коңшубузду – Орусия менен Кытайды таарынтканбыз. Бизде “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген сөз бар. “Сэм байке” бизге тууган эмес, бирок жардамын бермек чыгар. Бирок биринчи кезекте коңшулар менен дос болуш керек.

Ошону менен катар Атамбаев Өзбекстан жана Казакстан менен алака тууралуу айтып “Кээде, тескерисинче, мамилелерди бузууга туура келип жатты. Каримов мени эч качан кечирбейт деп түшүнүп турганда сүйүнгөм деп ойлобогула. Назарбаев мени эч убакта кечирбесин БУУнун трибунасында сүйлөөгө даярданып, түнү уктабай, сөзүмдү ондоп жатканда билген эмесмин деп да ойлобогула. Себеби биз көз каранды эмес өлкөбүз. Эгерде мен ошондо унчукпай, БУУда сүйлөбөй койсом азыр, бул жерде, балким, тизмедеги №6 “шестерка” башкарып турмак”, - деди.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоодо талапкерлер тизмесинде №6 болуп "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов катталган. Ал үгүт учурунда казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканда Атамбаев ал Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат деп сындаган.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШдагы ири теракттардан кийин бул өлкө баштаган эл аралык коалиция Ооганстанда атайын операция жүргүзүш үчүн Бишкектеги "Манас" аэропортунун жанына авиабаза ачкан.

Президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын 27-июнда кол койгон мыйзамга ылайык, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча келишим 2014-жылдын июль айында күчүн жоготкон. (RK)

XS
SM
MD
LG