Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Зимбабведе жаңы президент ант берери күтүлүп жатат


Зимбабвенин жаңы президенти болот деп күтүлгөн Эммерсон Мнангагва.
Зимбабвенин жаңы президенти болот деп күтүлгөн Эммерсон Мнангагва.

Буга чейинки президент Роберт Мугабенин отуз жылдан ашуун созулган бийлиги 21-ноябрдын кечинде аяктап, анын кызматтан чегинүү жөнүндө арызын зимбабвеликтер майрам катары кабыл алышты.

Өз арызында Мугабе бийликти тынч жол менен өткөрүүгө жол ачыш үчүн кызматынан “дароо жана өз ыктыяры” менен кетип жатканын белгилеген.

Мунун алдында Мугабеге бийликтен өз эрки менен чегиниши үчүн берилген мөөнөт аяктап, парламент ага импичмент жарыялоону караштыра баштаган.

Импичментке президент “өз жубайына конституциялык бийликти узурпациялоого жол берген”, “жашы улгайгандыктан өлкөнү жетектей албай калды" деген негиздемелер да киргизилген болчу.

Бийликтеги ZANU – PF партиясы эми өлкө лидерлигине Мугабе жакында кызматтан четтеткен мурдагы вице-президент, 75 жаштагы Эммерсон Мнангагваны көргөзүүдө.

Мнангагва узак жылдар бою Мугабеге кызматташ болгон. Ал 2018- жылдагы шайлоого чейинки мамлекет башчы катары алдыдагы күндөрү ант бергени жатат.

Армияда таасири бар дал ушул вице-президенттин 6-ноябрда кызматтан алынып, өлкөдөн кетиши жана мамлекет башчылык кызмат Мугабенин 52 жаштагы аялы Грэйс Мугабеге өтөт экен деген кооптонуу өлкөдө иш жүзүндө аскердик төңкөрүшкө алып келди.

Зимбабвени 1980-жылдан берип башкарып келе жаткан Роберт Мугабени быйыл 15-ноябрдан тартып үй камагына отургузулган. (UE)

XS
SM
MD
LG