Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Грузиядагы контртеррористтик операцияда бир аскер, үч согушкер мерт болду


Контртеррористтик операция өткөрүлгөн район. 22-ноябрь, 2017-жыл.
Контртеррористтик операция өткөрүлгөн район. 22-ноябрь, 2017-жыл.

Башкалаа Тбилисинин Исани районунда, 20 саатка созулган операция учурунда террорчу катары шек туудурган үч адам жана өкмөттүк атайын күчтөрдүн бир жоокери мерт болгонун грузин бийликтери 22-ноябрдын кечинде билдиришти.

Мындан сырткары дагы бир шектүү камакка алынып, полициянын төрт офицери да жарадар болгон.

Мурдараак Тбилисинин чет-жакасындагы коопсуздук операциясы “террористтик уюмдар” менен байланышы бар киши катары болжолдонгон чет элдиктерге каршы багытталганы маалымдалган.

Бирок грузин коопсуздук кызматтары алар кайсы өлкөдөн келгенин, кайсы террористтик уюмдар менен байланышта экенин ачык айтышкан эмес.

Жергиликтүү медиада коопсуздук күчтөрү “Ислам мамлекети” (ИМ) тобу менен байланышы бар киши катары шек жараткандарга каршы аракет көрүп жатышканы кабарланган.

21-ноябрдын кечинде башталган операцияда он кабаттуу турак үйдөгү батирлердин бирине кирип алгандар бутага алынган.

Батирдегилер күч түзүмдөрүнүн багынып берүү талабына моюн сунган эмес.

Грузия буга чейин өз аймагынын түндүк-чыгышында Чеченстан менен чектеш Панкиси капчыгайында бир нече контртеррористтик операция жүргүзгөн.

ИМ тобунун согушкерлери да былтыр "Панкиси капчыгайында машыгуу лагерин куруп алдык" деп ырасташкан.

Бирок расмий Тбилиси мындай маалыматтарды четке каккан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG