Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:34

Бишкекте "Жашыл экономика" боюнча форум болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын "жашыл экономикасын" өнүктүрүү маселеси 23-ноябрда бул тармактагы эл аралык адистердин катышуусу менен талкууланат.
Форумду Экономика министрлиги, Соода-өнөр жай палатасы жана Германиянын Эл аралык кызматташтык уюму биргелешип өткөрөт.

“Жашыл экономика” программасы жалпы экономиканы туруктуу өнүгүүгө алып келүүгө өбөлгө түзөөрү айтылып жүрөт. "Жашыл экономика" жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу принцибинде ишке ашат.

Иш-чара 23-24-ноябрда Бишкектеги “Хаят” мейманканасында болот. 24-ноябрь күнү "жашыл экономикага" байланыштуу технологиялардын көргөзмөсү уюштурулат. Ага жергиликтүү жана чет элдик компаниялар катышат. Андан тышкары, "жашыл" технологиялар пайдаланылып жаткан объектилерге экскурсия жасалат.

"“Жашыл экономика" – Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи” аттуу форум бир жыл мурун Бишкекте өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG