Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга качып келген жоокерге операция жасалды. Шаршембиде Интернетке чыккан видеотасмадан жоокер машине менен чек арага жакын жерге качып келгенин көрүүгө болот. Андан ары унаасын таштап, качып бараткан кезде артынан аскер кийимчен кишилер ок атышкан. Жарадар болгонуна карабай, ал чек ара тосмосунан өткөн, бирок ошол жерден эс-учун жоготуп койгон.
Качкын аскерге Түштүк Кореянын жоокерлери жардам берип, ооруканага жеткиришет. Азырынча аскер 20 жашта экени гана айтылууда, андан башка маалыматтар жок.
Жоокердин качып өткөн учуру Түштүк Кореянын чек ара тилкесине орнотулган видеокөзөмөлгө жазылып калган.