Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Аскер кызматкерин сабаган подполковник алты жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук гвардияга караштуу Кара-Көлдөгү аскер бөлүктүн штаб башчысы аскер кызматкерин сабаган деген айып менен алты жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Жалал-Абад облустук соту кабыл алды.

Маалыматка ылайык, полковникке Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылып, камакка алынды.

2015-жылы аскер кызматкери мас абалында аскер бөлүктүн прапорщигин эч себепсиз ур-токмокко алган. Алгач бул кылмыш ишин Кара-Көл шаардык соту карап, "кылмыш мөөнөтү өтүп кетти" деген жүйө менен кылмышка шектүү жоопкерчиликтен бошотулган.

Жалал-Абад гарнизонунун аскердик прокуратурасы бул чечимге макул болбой, облустук сотко кайрылган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG