Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Салайдин Авазовду шаар мэри кылып шайлашты. Анын талапкерлиги үчүн депутаттардын көпчүлүгү добуш берген.
Буга чейин мэрлик кызматка эки талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясы Салайдин Авазовду, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Майрамбек Адылбековду сунуш кылышкан. Бирок бүгүн Адылбеков талапкерлигин алып салганын, оппозициядагы "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы да Авазовду колдой турганын жарыялады.
Шаардык кеңеш КСДП, "Ата-Журт", "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Республика" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынан куралган.
Авазов 2014-жылдын сентябрь айынан бери шаарды башкарып келатат.(RsK)