Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Кийинки жылы бюджеттин тартыштыгы 20,2 млрд. сом болот


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Жогорку Кеңеште 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы, быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2018-жылга бюджеттин долбоору каралууда. Бул маселе боюнча премьер-министр Сапар Исаков баш болгон өкмөт мүчөлөрү маалымат беришти.

Премьер-министр Исаковдун айтымында, 2016-жылы өлкөдөгү ички дүң өндүрүмдүн өсүшү 3,5 пайызды түздү жана бюджеттин бардык талаптары аткарылды.

2018-жылга бюджеттин долбоорунда өлкөнүн кирешеси 142 миллиард сомду, ал эми чыгашасы 156 миллиард сомду түзөт. Бюджеттин тартыштыгы 20, 2 миллиард сом болот.

2016-жылы бюджеттин тартыштыгы 20,9 миллиард сом болгон.

Премьер-министр кийинки жылга ички дүң өндүрүмдүн өсүшү 3,8 пайызды түзөрү болжолдонуп жатканын билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG