Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Ошто эшек уурдап саткандар кармалды


Оштогу фермада багылып турган эшектер.
Оштогу фермада багылып турган эшектер.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бѳлүмүнүн кызматкерлери эшек уурдаган эки кишини колго түшүрүштү. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Жапалак айылынын 28 жаштагы А.М. жана 17 жаштагы П.А. аттуу тургундары түнүндө айылдан беш эшекти уурдап кетишкени аныкталган. Алар уурдалган эшектерди кытай ишкерлерине ар бирин 8 миң сомдон сатып жиберишкен.

Кылмышка шектүүлөрдүн көрсөтмөсү менен жабырлануучулар кытай ишкерлеринин короосунан эшектерин таанышкан жана аларды кайтарып алышты. Ал эми кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Мал уурулук") боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөр үй камагына алынды.

Буга чейин бир жыл ичинде Кыргызстандан Кытайга 600дөй эшек экспорттолгону ачыкка чыккан. Расмий эмес булактар бул көрсөткүч алты-жети эсе көп экенин айтышат. Эшектердин көбүн ишкерлер ээлеринен сатып алса, аларды уурдап саткандар да арбыган. (ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG