Бажы көзөмөлүнөн сырткары Евразия экономикалык биримдигинин аймагына күрүч алып кирген киши Ош-Баткен жолунда Ош шаарына кире бериште колго түшкөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бажы кызматы билдирди.
Кармалган Б.Т.Э. аттуу адамдын "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын текшерүү учурунда андан 100 кап күрүч чыккан. Жалпы көлөмү 5 тонна күрүчкө эч кандай бажы көзөмөл документтери болгон эмес.
Бул иш боюнча матариалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлдү. (ErN)