Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Ирак армиясы чөлдө жихадчыларга каршы операция баштады


Ирак армиясынын жоокерлери, 28-февраль, 2017-жыл.
Ирак армиясынын жоокерлери, 28-февраль, 2017-жыл.

Ирак армиясы Сирия менен чектеш чөлдө “Ислам мамлекети” экстремист уюмуна каршы операция баштаганын билдирди. Бүгүн таратылган маалыматта айтылгандай, ага Ирактын куралдуу күчтөрү, федералдык полиция жана Иран колдогон элдик кошуундар катышууда.

"Рейтер" кабарлагандай, Ирак армиясынын полковниги Салах Карим “Операция жихадчылардын чөлдөргө тарап кетишинин жана келечекте ошол жактардан жаңы чабуулдарды даярдашынын алдын алууну көздөйт”, - деди.

Ирактын Коргоо министрлиги өткөн аптада куралдуу күчтөр АКШ баштаган коалициянын колдоосу менен чек ара аймагындагы Рава шаарын бошотушканын жарыялаган. Калаа “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Ирактагы акыркы ири таянычы болчу.

XS
SM
MD
LG