Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин чогуу кургусу келет


Камбар-Ата ГЭСи.
Камбар-Ата ГЭСи.

Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда өнөктөш болууну ниеттенүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча эки өлкөнүн президенттеринин ортосунда сүйлөшүүлөр өтүп, алар курулушту чогуу жүргүзүү боюнча макулдашты.

Буга чейин алар Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каршы чыгып келген. Эми колдоп жатышат. Андан тышкары Өзбекстан "бул долбоорго бирден-бир акционер болуп кирсек" деген оюн айтып жатат. Биз Кыргызстан, Өзбекстан жана башка коңшу мамлекеттер болуп бул ГЭСти курушубуз керек” - деди Сапар Исаков.

Нарын дарыясына курулчу Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу көп жылдан бери ишке ашпай келет. Кубаттуулугу 1 860 мегаватт боло турган бул станцияны куруунун долбоору 1980-жылдардын аягында пландалган. Бирок андан бери аягына чыкпай келатат.

Акыркы жолу 2012-жылы Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Орусиянын "РусГидро" компаниясы бул эки энергетикалык объектини курмак. Бирок бул боюнча иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG