Пакистандын соту 2008-жылы Мумбаидеги теракттын уюштуруучусу катары күнөөлөнгөн исламчыл согушкерди үй камагынан бошотууга буйрук берди. Прокурор Саттар Сахилдин айтымында, Лахор шаарынын соту шаршембиде Хафиз Саиддин үй камагында кармалышын дагы 60 күнгө узартуу жөнүндө Панжаб чөлкөмүнүн жетекчилигинин арызын четке какты.
Айыпкердин адвокаты болсо бийлик аны камакта калтырууга негиз болчу далилдерди бере алган жок деп билдирди.
Бул кадам АКШ менен Индиянын ачуусун келтириши мүмкүн. Саид Индиянын экинчи ири шаары болгон Мумбаидеги эки люкс мейманканага, жөөттөрдүн борборуна жана темир жол вокзалына чабуул коюунун планын иштеп чыккандардын бири катары айыпталган. Бир нече күнгө созулган атышууда 166 киши курман болгон.
Индия Пакистанга "терактты уюштурууда "Жамаат-уд-Дава" тобунун ана башы Саидге жардамдашкан" деген доомат артып келген. Бул топту болсо АКШ Пакистанда жайгашкан "Лашкар-и-Талибан" согушкер уюмунун алдыңкы канаты деп эсептейт. Вашингтон Саидди кармаш үчүн 10 миллион доллар убада кылган. Мындан тышкары, АКШ Исламабадды "кошуна өлкөдө аракеттенген жоочуларга баш паанек берүүдө" деп айыптаган. Пакистан жана сөз болгон уюм Мумбаидеги чабуулга тиешеси жоктугун айтып жатышат.
Соттун соңку чечими боюнча Вашингтон менен Дели комментарий бере элек.