Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Орусиялык депутат Керимовго Францияда айып тагылды


Сулейман Керимов, 22-апрель, 2012-жыл.
Сулейман Керимов, 22-апрель, 2012-жыл.

Орусиянын Федерация Кеңешинин депутаты, миллиардер Сулейман Керимовго Францияда "төлөнбөгөн салыктан түшкөн арам акчаны адалдоо" деген айып тагылды. Бул тууралуу Ницца шаарынын прокурору Жан-Мишел Претр билдиргенин "Рейтер" кабарлайт. Каримов болсо күнөөсү жок экенин айтууда.

Шаршембинин кечинде сот депутатты 5 миллион евро күрөөгө кое берүү тууралуу чечим кабыл алды. Бирок тергөө аяктамайынча ал бул шаарды камтыган департаменттен чыга албайт жана юстиция органдары түзгөн тизмедеги адамдар менен жолугушууга тыюу салынат. Андан тышкары, ал Орусиянын паспортун тапшырып берип, полицияга жума сайын барып турууга милдеттендирилди.

"Он миллиондогон еврону адалдаган жана салык төлөөдөн качкан" деген шек менен Керимов 20-ноябрда Ниццанын аэропортунан кармалган.

Орусиянын Тышкы иштер минстрлиги француз бийлигинин аракеттерин мыйзамсыз деп баалады. Себеби Керимов расмий адам жана анын дипломатиялык кол тийбестиги бар.

Кремл депутаттын «мыйзамдуу кызыкчылыктарын» коргош үчүн колунан келишинче аракет кылаарын билдирди. Ал эми Франциянын бийлиги "көз боемочулук боюнча айыптарга дипломатиялык иммунитеттин тиешеси жок" деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG