Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Коалиция Йемендин аэропортун гуманитардык жардам үчүн ачат


Санаа шаарында аба соккуларынан жабыркаган жай. 5-ноябрь, 2017-жыл.
Санаа шаарында аба соккуларынан жабыркаган жай. 5-ноябрь, 2017-жыл.

Йемендин портторун блокадага алган Сауд Арабия баштаган аскердик коалиция өлкөнүн негизги аэропортун жана Кызыл деңиздеги маанилүү портту гуманитардык жардам үчүн ачууга макул болду.

Борбор шаар Санадагы аэропорт БУУнун учактары үчүн кайра ачылат. Ходейда порту болсо чукул гуманитардык жардамды кабыл ала баштайт.

4-ноябрда Йемендеги Иран колдогон хуси козголоңчулары Сауд Арабиянын баш калаасына көздөй ракета аткандан кийин коалиция блокада киргизген.

БУУнун расмий өкүлдөрү соңку чечимди кубаттап, Салеф порту да кайра ачылат деп үмүттөнүшөөрүн билдиришти.

"Камоол улана берсе, согушка баткан Йеменде холера жана ачарчылык андан ары жайылмак", - деп белгилейт Улуттар Уюму.

XS
SM
MD
LG