Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Арстанбапта элдин эсебинен эки мектеп курулуп жатат


Жергиликтүү тургундардын эсебинен курулуп жаткан мектептердин бири.
Жергиликтүү тургундардын эсебинен курулуп жаткан мектептердин бири.

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылында мигрант кишинин салымы менен бир кабаттуу жана жергиликтүү тургундардын каражатына үч кабаттуу мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу айыл тургуну Хурамбай Мансуров "Азаттык" радиосуна билдирди.

Кош-Терек участогундагы орто мектепке төрт бөлмөдөн турган кошумча имаратты айылдын Орусияда эмгектенип жүргөн тургуну 5 млн. сом каражатка салып, курулуш иштерине мугалимдер жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Ал эми Турбаза участогундагы үч кабаттуу мектептин экинчи кабатын куруу иштери жүрүп жатат. Ага айылдын 300 түтүн эли ар бири 1000-5000 сомго чейин жардам беришкен. Мектепти айылдыктар кийинки жылы ишке берүүнү пландашууда.

Маалыматка караганда, Кош-Терек орто мектебинин имараты тар болуп, балдар үч нөөмөт менен окуп жаткандыктан айылдыктар аны ашар жолу менен салууга киришкен. Ал эми Турбаза участогунда балдар жети чакырым жөө басып кошуна айылдагы мектепке катташат.

Райондук билим берүү бөлүмү быйылкы жылы мектептерде аткарылган 180 млн. сомдук жумуштун 80% ата-энелер каржылаганын билдирди. Базар-Коргон районунда 65 мектеп бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG