Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Эколог Эмил Шүкүров депутаттык мандатын тапшырды


Эколог Эмил Шүкүров Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык мандатын тапшырды. Бүгүн анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясы канаттандырып, калаа кеңешиндеги депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Шүкүровду мындай кадамга эмне түрткөнү белгисиз. Ал өзү комментарий бере элек.

79 жаштагы профессор Эмил Шүкүров Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын тизмеси менен башкалаанын депутаттыгына шайланган.

Ал буга чейин шаардагы Токтоналиев көчөсүн кеңейтүү максатында бак-дарактарды кыюу боюнча мэриянын аракетине сын айтып, каршы чыккан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG