Бейшембиде Киев шаарынын апелляциялык коллегиясы казакстандык блогер Жанара Ахметтин арызын канааттандырып, аны экстрадицияга чейин камакка алуу тууралуу чечимди жокко чыгарды. Блогер украин парламентинин депутаты Светлана Залешуктун кепилдиги менен сот залынан бошотулду.
Ахметтин айтымында, соттун бул чечимин эки айдан кийин райондук сот аркылуу узартууга болот. Ошол эле учурда экстрадициялык соттун чечими күчүндө кала берүүдө. Бирок ага саясий башпаанек берүү маселеси каралмайынча, сот процесси белгисиз мөөнөткө жылдырылууда.
Ахмет 21-октябрда Киевдин жанында кармалган. Казакстанда ага кылмыш кылган деген айып боюнча эл аралык издөө салынган.
Блогер мекенинен Украинага март айында качып, башкалка сураган. Өз айтымында, ал Казакстанда саясий куугунтукка кабылган. Ахмет Украинадан да казак бийлигин сындаган постторду жазып келген.