Президент Алмазбек Атамбаев 23-ноябрда кол койгон буйрукка ылайык, мамлекет башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси Фарид Ниязов ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
Ушул эле күнү президенттин коомдук башталыштагы дагы бир кеңешчиси Икрамжан Илмиянов да ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулган.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү "Азаттык" радиосуна маалымдады.
Фарид Ниязов президенттик шайлоо учурунда КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы болуп иштеген.(ZKo)