Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Өзбекстан Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүнү көздөп жатат


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирүү боюнча ишти жандандырат. Бул тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Сеулдагы бизнес-форумда билдирди.

«Биз Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү боюнча ишти кайра жандандырдык», – деди Мирзиёев. Ал Өзбекстан менен Корея ДСУга кирүү маселелеринде кызматташуу боюнча биргелешкен жол картасын кабыл алууну пландап жатышканын белгиледи.

«Корея – биз бул сыяктуу документтерге кол койгон биринчи мамлекет болуп калды. Мындан тышкары корей өнөктөштөрүбүз менен өз ара соода алакаларын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатабыз», – деди Мирзиёев.

Дүйнөлүк соода уюму 1995-жылы эл аралык сооданы либералдаштыруу жана соода саясатын жөнгө салуу максатында түзүлгөн. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Азербайжан, Беларус, Түркмөнстан жана Өзбекстан бул уюмга мүчө эмес.

XS
SM
MD
LG