Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Чүйдө тоодогу өрт өчүрүлүп жатат


Аламүдүндөгү өрт чыккан жер.
Аламүдүндөгү өрт чыккан жер.

Чүй облусунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүндөгү тоодо кечээ чыккан өрттү өчүрүү бүгүн да улантылууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө министрликтин Аламүдүн райондук өрткө каршы күрөш бөлүмүнүн он чакты кызматкери жана токой чарбасынын жумушчулары тартылган.

Таш-Мойнок айыл өкмөтү Аламүдүн районуна караштуу.

"Жылуу булак" эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабындагы өрт болжол менен кечээ, 23-ноябрда 15:15 чамасында башталган. Окуя болгон жерге жетип барган куткаруучулар кечээ дароо өрт өчүрүү иштерин жүргүзүп, түн киргенине байланыштуу убактылуу токтотушкан.

Учурда күйүп жаткан жердин аянты 15 гектар деп эсептелүүдө. Тоодо негизинен куураган чөп жана арчалар күйүп жатат.

2012-жылдан 2017-жылдын октябрь айына чейин жаратылышта чоң эки өрт кырсыгы жана техногендик мүнөздөгү 103 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 31 адам каза болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG