Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Жээнбеков Атамбаевге: Сиз Кыргыз Эл Баатыры наамына татыктуусуз


Сооронбай Жээнбеков бүгүн ант берип, расмий кызматына киришти.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн ант берип, расмий кызматына киришти.

Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президенттик кызматка расмий түрдө киришкен Сооронбай Жээнбеков инаугурациясы өтүп жатат. Жээнбеков ант бергенден кийин сүйлөгөн сөзүндө президенттик кызматка киришкенден кийин эң биринчилерден болуп экс-президент Алмазбек Атамбаевге эң жогорку "Ак Шумкар" сыйлыгын берүү тууралуу жарлык чыгарарын айтты:

- Мекенине ак эмгегин арнаган, Кыргызстанды өнүгүү жолуна алып чыккан урматтуу Алмазбек Шаршеновичке таазим кылып, элибиздин атынан терең ыраазычылык билдирем. Сиз баштап берген кыргыз көчү өз жолун улайт. Кыргызстаныбызга, элибизге аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыңыз, эрдигиңиз, акылман, көрөгөчтүгүңүз үчүн сиз Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасына, "Ак шумкар" өзгөчө белгисине татыктуусуз. Сизге аны элибиздин атынан чоң сыймык менен тапшырам деген үмтүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийин биринчи жарлыгым ушул болот.

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 450 киши чакырылган. Алар негизинен интеллигенция өкүлдөрү, депутаттар, министрлер, элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү.

Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген. (NT)

XS
SM
MD
LG