Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Атамбаев: Сооронбай Жээнбеков чогуу баштаган иштерибизди аягына чыгарат


"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы. Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековго бата берип жаткан учур. Бишкек. 24-ноябрь, 2017-жыл.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы. Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековго бата берип жаткан учур. Бишкек. 24-ноябрь, 2017-жыл.

Бүгүн Бишкекте жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында бийликти өткөрүп берген экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү кызматта жүргөн учурда көптөгөн максаттар ишке ашпай калганын айтты:

- Тарых ченеминен алып караганда алты жыл көз ирмемге барабар. Бирок мен үчүн чейрек кылымга тете болду. Албетте, "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей көп нерсе колумдан келбей калды, убакыт да жетпей калды. Анткени, билесиздер, болгону акыркы 2-3 жылда стабилдүүлүк, тынчтык, ынтымак келип, иштегенге мүмкүнчүлүк болду. Бирок болбой эле өкүнөм. Айрым убада, ойлорумду ишке ашыра албадым, ага кечирим сурайм, кыргыз элим! Кечирим койгула. Бирок толук ишенем, кыргыз көчү жолун улайт! Сооронбай Жээнбеков чогуу баштаган иштерибизди аягына чыгарат, таза жана адилеттүү ажо болот.

Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашты. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген. (NT)

XS
SM
MD
LG