Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Радлов жазып алган “Манас” эпосу Германияда басылып чыкты


Түрколог Вильгельм Радлов чыгарган "Манас" эпосу.
Түрколог Вильгельм Радлов чыгарган "Манас" эпосу.

“Манас” эпосунун түрколог Вильгельм Радлов жазып алган немис тилиндеги бөлүгү Германиянын Берлин шаарында кайрадан басылып чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Азаттык” радиосуна билдирди.

Китептин экинчи басылышы Германиядагы Кыргызстандын элчилигинин демилгеси жана колдоосу менен ишке ашкан. ТИМдин билдирүүсүндө бул эмгектин чыгышына Кыргызстандын Германиянын Бремен шаарындагы ардактуу консулу доктор Эберхард Хаастын салымы көп болгону айтылат.

Китептин ачылышы Германиянын борбор шаарында 21-ноябрь күнү кыргыз элчилигинин имаратында өткөн. Мааракеге Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрнес Оторбаев, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Андреас Пешке, ошондой эле кыргыз диаспорасынын жана башка коомчулук өкүлдөрү катышкан.

Белгилүү немис жана орус илимпозу, лингвист жана түрколог Вильгельм Радлов «Манас» эпосун немис тилинде 1885-жылы Санкт-Петербург шаарында жарыялаган. Эпос анын “Түрк урууларынын элдик чыгармачылыгындагы үлгүлөр” деп аталган китебине кирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG