Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Атамбаев: Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум!


Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев. 24-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.
Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев. 24-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.

Бүгүн жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде сөз сүйлөгөн экс-президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековго ийгиликтерди каалады. Жаңы шайланган президентке өзү бата жазып келгенин айтып, аны окуп берди:

- Мен ушул Сооронбай Шариповичке, досума өз батамды берейин. Өзүм жаздым эле, өзүм окуп берейин. Оо, Жараткан! Кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта. Душмандын жалаасынан сакта. Дос көрүнүп, кас болгондон, жаныңда жүрүп өч болгондон сакта. Соке, досум береке жаныңдан, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин. Аман бол, бактылуу бол! Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум!

Президенттик кызматка расмий түрдө киришкен Сооронбай Жээнбеков ант бергенден кийин сүйлөгөн сөзүндө Атамбаевдин эмгегин жогору баалады. "Кыргызстаныбызга, элибизге аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыңыз, эрдигиңиз, акылман, көрөгөчтүгүңүз үчүн сиз Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасына, "Ак шумкар" өзгөчө белгисине татыктуусуз. Сизге аны элибиздин атынан чоң сыймык менен тапшырам деген үмүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийин биринчи жарлыгым ушул болот", - деп айтты Жээнбеков.

Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген. (NT)

XS
SM
MD
LG