Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Атамбаев: Жубайыма, балдарыма беделиме көлөкө түшүрбөгөнү үчүн ыраазымын


24-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.
24-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.

Бүгүн бийликти жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарган алты жыл аралыгында үй-бүлөсү беделине көлөкө түшүрбөгөнүн билдирди:

- Бардык жарандарга, менин санаалаштарыма ар дайым колдоо көрсөтүп келгени үчүн чоң ыраазычылык билдирем. Президент кылып шайлоо менен мага берилген чоң ишеним үчүн. Жубайыма, балдарыма бийликтеги алты жылда менин репутацияма көлөкө түшүрбөө үчүн бардык аракет жасагандары үчүн ыраазымын. Биздин досторубузга - эл аралык өнөктөштөргө, уюмдарга, донорлор менен институттарга да рахмат айтам.

Мурдагы премьер-министр, бийликтеги Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 54,22% добуш менен жеңип чыккан.

Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашты. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген. (NT)

XS
SM
MD
LG