Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн ант берүү аземинде сөз сүйлөп жатып парламенттик башкаруу ыкмасын жактай турганын билдирди:
- Мен, парламентаризмди колдойм. Президент катары Конституцияда аныкталган милдеттеримди так аткарам, эл менен бийликтин биримдигин камсыздайм, - деген Жээнбеков улут аралык ынтымакты бекемдөөгө умтулам деп кошумчалады:
- Соңку 50 жылда үч ирет улут аралык жаңжал чыккан, ошондуктан ар бирибиз өз үйүбүздө, көчөбүздө, айыл - шаарыбызда тынчтык үчүн жоопкербиз. Биздин милдет – улут аралык ынтымакты ширетип, бири-бирибизге болгон сабырдуулук менен аяр мамилени сактоо. Өлкөбүздө тынчтык менен эл ынтымагын өзүбүздөн башка эч ким камсыз кылбайт.
Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. (NT)