Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Жээнбеков: эл кызыкчылыгын коргогон президент болом


24-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.
24-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн кызматына расмий түрдө киришти. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында анын ант берүү аземи өттү. Жээнбеков ант бергенден кийин сөз сүйлөгөн учурда ар бир жарандын укугун коргоого көңүл бура турганын билдирди:

- Ар бир жарандын укугун, эркиндигин жана кызыкчылыктарын коргогон элдик президент болом деген аруу тилек, максатымды ишке ашырам. Буга менин билимим да, тажрыйбам да, дараметим да, ар-намысым да жетет. Айкөл Манас атабыз “калайык-калкка жаным курман” деп өмүрүн арнаган. Мен да Кыргызстаным үчүн бүткүл өмүрүмдү арнайм. Элиме, жериме акыркы демим калгыча ак дилден кызмат кылам. Мен үчүн өлкөдөн кымбат дөөлөт жок.

Мурдагы премьер-министр, бийликтеги Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 54,22% добуш менен жеңип чыккан.

Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашты. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген. (NT)

XS
SM
MD
LG