Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:41

Сирия оппозициясы Женевага бириккен делегациясын жөнөтөт

Сирия оппозициясынын Рияддагы жыйыны
Сирия оппозициясынын Рияддагы жыйыны

Сириянын оппозициялык топтору Бириккен Улуттар Уюмунун арачылыгы менен кийинки аптада өтө турган Женевадагы сүйлөшүүлөргө бириккен делегациясын жөнөтөт. Мындай билдирүү 24-ноябрда Саудиянын демөөрчүлүгү менен Эр-Риядда өтүп жаткан жыйындын экинчи күнүндө жасалды.

Ал жыйынга Сирия оппозициясынын 140тай өкүлү чогулду. Алардын өкүлдөрү 28-ноябрда президент Башар Асад менен бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүшмөкчү.

Буга чейин БУУнун Сириядагы жаңжалды токтотуу максатындагы бир нече сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктаган. Сирияда 2011-жылдан бери токтобой жаткан жарандык согуш баш-аягы 330 миң адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG